Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бишкек шаардык тез жардам ооруканасы заманбап реабилитациялык жабдууларды алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жабдуулар KOICA (Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги) жана H Robotics компаниясынын (Корея Республикасы) колдоосу менен гуманитардык линия аркылуу алынды.
Rebless™ Planar — бул жогорку жогорку таяныч-кыймыл аппаратын калыбына келтирүүгө арналган роботтоштурулган система. Ал неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки кыймыл функцияларын жана күчтү калыбына келтирүү үчүн колдонулат.
Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, жаңы жабдуу бейтаптардын заманбап калыбына келтирүү ыкмаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, медициналык жардамдын сапатын жогорулатат.