Бишкек шаардык драма театры Түркияда фестивалга катышат

Маданият Загрузка... 23 Март 2026 17:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 23–31-март күндөрү Түркияда өтө турган "Самсун" VIII эл аралык театр фестивалына катышат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эл аралык театр күнүнө арналган фестиваль ар кайсы өлкөлөрдөн келген мамлекеттик, жеке жана ышкыбоз театр жамааттарын бириктирип, тажрыйба алмашууга жана маданий диалогду өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Шаардык театр фестивалда КР эл акыны Кыялбек Урманбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Тактеке" трагикомедиялык притчасын тартуулайт. Спектакль табият менен байланышын жоготкон адамдын ички карама-каршылыктарга туш болгон философиялык таржымалын баяндайт.

Спектакль байыркы эпостун элементтери менен заманбап өңүт айкалышып, терең мазмун жандуу юмор менен берилет. "Тактеке" буга чейин Бишкек көрүүчүлөрүнүн жогорку баасына татыган жана эми фестивалдын эл аралык аудиториясына сунушталат.