Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайына түшкɵн кар кɵчкү ыкчам түрдɵ тазаланып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ал эми кар көчкүгө байланыштуу Сосновка жана Арал өткөрмө постторуна коюлган чектɵɵлɵр алынды. Тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүздү.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:10 чамасында Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки участогуна кар көчкү түшкɵн.
Кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзгɵн.