Чычкан капчыгайында эки жерден кар көчкү түшүп, жол жабылды

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 14:24
636985030_1221759323466145_3835187491011091857_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 12:10 чамасында Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки жерине кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош жолу бардык унаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды.

Алдын ала маалымат боюнча, жолго түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт.

Жолду тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.

Кошумча маалыматтар берилет.