Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 11-ноябрда саат 17:10дон тарта Токтогул районундагы Чычкан жана Сосновка постторунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду.
"Ашууларда кар калың жаап, бороон болуп жатат. Учурда жол тейлөө кызматкерлери автожолдорду кардан тазалап, инерттик материалдарды себүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды алыскы жолго чыгар алдында жолдогу кырдаал тууралуу маалымат алууга, унааларынын кышкы дөңгөлөктөрүн жана коопсуздук каражаттарын текшерүүгө чакырат.