Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда саат 11:00дөн тарта Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Эске салсак, аба ырайынын шарттарына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, "Сосновка" постунан өткөрүү токтотулган.
Учурда чектөө алынып, оор жүк ташуучу унаалардын каттамына кайрадан уруксат берилди.