Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда Арал постунда киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө.
Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 06:50дɵ Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түшүп, бардык унаалар үчүн каттам эки тараптуу жабылган.
Жеринде № 23 жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.