Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүп, Бишкек – Ош жолу жабылды

Коом Загрузка... 11 Март 2026 09:37
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бүгүн таңкы саат 06:50дɵ Бишкек – Ош унаа жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда бардык унаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабык.

Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

Кошумча маалымат берилет.