Бишкек – Ош унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлду — Кабар

Бишкек – Ош унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлду

Аймак 22 июнь 2026 11:20
Бишкек – Ош унаа жолунда селдин кесепеттери жоюлду
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунда селдин кесепеттери ыкчам жоюлуп, каттам калыбына келтирилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 22-июнга караган түнү саат 01:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолдун 432-435-чакырым аралыгында сел жүргөн.

"Жерине атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жол таңкы саат 05:00гө карата тазаланып, каттам берилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жолду толук тазалоо иштери улантылууда.