Бишкек мэриясы туристтик турларды сунуштайт

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 15:20
3b1c199419217bbce8f50f065db361b1.jpg

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундары менен конокторуна узак дем алыш күндөрү үчүн жеткиликтүү саякат варианттарын сунуштайт.

Маалыматка ылайык, 25-августтан 10-сентябрга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору PEGAS Trip туристтик компаниясынын атайын сунушунан пайдаланып, популярдуу туристтик багыттарга 10 пайыздык арзандатуу менен саякаттай алышат.

Акциянын алкагында төмөнкү турлар сунушталат:

  • Сары-Челек;
  • Соң-Көл;
  • Кел-Суу;
  • Ат менен тур;
  • Алматы (1 күн);
  • Алматы (2 күн).

Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз, досторуңуз же кесиптештериңиз менен убакытты бирге  өткөрүп, Кыргызстандын кооз жаратылыш аймактарын көрүп, чакан саякатка чыгуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.