Бишкек мэриясы энергетикалык каатчылыктан улам мектептер жабыларын төгүндөдү

Коом Загрузка... 12 Ноябрь 2025 14:11
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын мектептеринде билим берүү процессинин  токтотулушу тууралуу интернетте тараган маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди.

Муниципалитеттен маалыматына караганда, борбор калаадагы билим берүү мекемелеринде окуу-тарбиялоо процесси бекитилген окуу планына ылайык кадимки тартипте жүргүзүлүп жатат.

"Эч кандай сабактар, анын ичинде ийримдер жана кошумча сабактар кыскартылган же токтотулган эмес. №38 мектептин администрациясы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын ишенимдүү жана расмий булактарга гана кайрылууга, социалдык тармактардагы жалган же такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.