Бишкек мэриясы 77 унааны аукцион аркылуу сатыкка чыгарды

Коом Загрузка... 04 Март 2026 13:48
1772603309_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Муниципалдык мүлк  башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат.

"Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган документти жана күрөө депозитин (баштапкы сумманын 10%) төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды тапшырышы керек", - деп айтылат маалыматта.

Суроолор боюнча Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефону аркылуу Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылса болот.