Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Ак-Бата конушунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаага жаңы кошулган аймактардын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага административдик-аймактык реформанын алкагында Свердлов административдик районуна кирген МТФ-2, Нур-Кожо, Ак-Бата, Ак-Жар, Лебединовка, Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча жана 305-МАБ аймактарынын жашоочулары катышты.
Жолугушууда бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлүп, өзгөчө таза суу, канализация, жолдордун абалы жана коомдук транспорттун жетишсиздиги негизги көйгөй катары белгиленди.
Транспорт департаментинин жетекчиси Уланбек Бейшенбаев жолдор толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин гана жаңы алынуучу 8 метрлик автобустарды каттамга чыгаруу мүмкүнчүлүгү караларын маалымдады.
Өз кезегинде шаар башчысы аймактардагы суу жана канализация маселелери толук такталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынмайынча жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлбөй турганын белгиледи.
Ошондой эле президенттин тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү максатында 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыкканын билдирди. Аталган программага ылайык жалпы каржылоо көлөмү болжол менен 9 млрд сомду түзөт. Быйыл бул программанын алкагында иштер башталып, 2,5–3 млрд сомго жакын каражат тартылган.
Мындан тышкары, аталган аймактарда жер мунапысына байланыштуу суроолор да көтөрүлдү. Айбек Жунушалиев жол куруу иштеринин жүрүшүндө мэрия тарабынан мыйзамсыз жайгашкан чарбалык объектилер жана жаңы курулган фундаменттер алынарын, бирок мыйзамсыз деп табылган турак жайлар буга чейин бузулбагандыгын жана мындан ары да бузулбай турганын тактады.
Ошону менен бирге шаар башчысы келечекте мыйзамсыз курулуштарга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү максатында шаар мэри тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берди.