Бишкек мэри шаар тургундары менен жолугушууда. Графиги

Коом Загрузка... 11 Май 2026 13:00
526623917_3500614266748414_8124243858937099959_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-майдан тарта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундары менен жолугушууда.

Жолугушуулардын графиги:

- Свердлов району

11-май саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Россия Славян университетинде өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.

12-май саат 16:00дө Ч.Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.

- Биринчи май району

13-май саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.

14-май саат 16:00дө жолугушуу "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т.Абдумомунов көчөсү, 197.

- Ленин району

15-май саат 16:00дө жолугушуу К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч.Айтматов проспектиси, 24.

16-май саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.

- Октябрь району

18-май саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен "Таберик" залында жолуга алышат. Дареги: Байтик баатыр көчөсү, 17.

19-май саат 16:00дө жолугушуу "Ала-Тоо" эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.