Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Бишкектин саркынды сууну тазалоочу жайы вьетнамдык инвесторлордун көмөгү менен реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев аталган жайдагы реконструкциялоо иштерин көрсөтүп жатып айтты.
Анын айтымында, учурда саркынды сууну тазалоочу жайдын иштөөсү толугу менен автоматташтырылууда.
"Мурда сууну тазалоо иштери кол менен жүргүзүлчү. Азыр жаңы жабдуулар коюлуп, иштөөсү автоматташтырылып жатат. Мында Германия жана Италиядан чыгарылган жабдуулар колдонулууда. Мурда бул жайга кирүү мүмкүн эмес болчу. Реконструкциялоо иштери ушул жылдын декабрына чейин толук аяктайт", - деди мэр.