Бишкек мэри Насыйкаттын операциясына жетишпеген каражатты өз мойнуна алат

Коом 562 14 Январь 2026 10:00
1768314306.jpg
1768314279.jpg
1768314283.jpg
1768314286.jpg
1768314322.jpg
1768314301.jpg
Алдыга
Артка
1768314306.jpg
1768314279.jpg
1768314283.jpg
1768314286.jpg
1768314322.jpg
1768314301.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14. 01.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Насыйкат Баймырзаевага колдоо иретинде уюштурулган кайрымдуулук концертине катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада калаа башчысы жаш таланттын эмгекчилдигин жана өнөрүн белгилеп, анын эки көзүнүн операциясына кайрадан каражат бөлүүгө даяр экенин айтты.

“Биз жагдайды талкуулап, концерттен түшкөн каражат жана мэриянын резервдик фондунан буга чейин бөлүнгөн сумма операциянын бардык чыгымдарын толук жаба албай турганын аныктадык. Анткени кошумча чыгашалар да бар. Ушуга байланыштуу мен жетишпеген сумманы өз мойнума алууга даярмын”, - деди мэр.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаңы жыл алдында өлкөнүн башкы балатысынын жандыруу аземинде Айбек Жунушалиев Насыйкат Баймырзаевага мэриянын резервдик фондунан акчалай сертификат тапшырган.

Насыйкат Баймырзаева учурда №5 искусство мектебинде, азиз жана начар көргөн балдар үчүн интернатта окуйт. Ал бир катар эл аралык конкурстардын катышуучусу жана жеңүүчүсү болуп саналат.