Бишкек мэри менен агартуу министри мектепте жаракат алган мугалимден кабар алды

Коом 477 22 Февраль 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.52 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.51.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.52.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.52 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.52 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-22 at 08.23.51.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучунун кол салуусунан жабыркаган мугалимден кабар алып, ден соолугун сурашты. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, алар №83 мектептин аскерге чейинки даярдоо мугалими Болатхан Карибжановго колдоо сөздөрүн айтып, тезирээк сакайып кетишин каалашты.

Мындан тышкары, мэр менен министр мектеп окуучуларынын арасындагы агрессияны төмөндөтүү жана мындай окуялардын алдын алуу үчүн ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүүнү пландашты. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде видеобайкоо системаларын кеңейтүү боюнча макулдашты.

Айбек Жунушалиев мэрия 2025-жылы борбор калаанын мектептеринде видеобайкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 млн сом бөлгөнүн белгиледи.