Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. 2025-жылдагы Бишкектин эң негизги жетишкендиктеринин бири — таштандыны кайра иштетүүдөгү көп жылдык көйгөйдүн чечилиши болду. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев "Кабар подкаст" берүүсүнө берген маегинде билдирди.
Калаа башчысынын айтымында, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көптөгөн токтомдорго карабастан, жылдап чечилбей келген. Мурдагы аракеттер кылмыш иштери жана аткаминерлердин камакка алынышы менен коштолгон.
Мэр мурунку жылдардагы ийгиликсиз тажрыйбаны эске салып, ал кезде бөлүнгөн 22 млн евро натыйжасыз колдонулганын айтты.
"Бул ирет Бишкек курулушка бюджеттен бир тыйын да короткон жок. Биз 95 млн доллар инвестиция салып, завод курган инвесторду тарттык", — деп баса белгиледи Жунушалиев.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө завод 49 миң тонна таштандыны кайра иштетти.
Шаар башчысы ошондой эле эски таштанды полигонун рекультивациялоо пландары тууралуу айтып берди. Президент Садыр Жапаров заводдун ачылышында көп жылдан бери топтолуп калган "таштанды тоосун" жок кылуу маселесин талкуулаган. Заводдун башкы директору мамлекет башчысына бул калдыктарды кайра иштетүүгө техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин тастыктады. Бул багыттагы иштер жакынкы арада башталат.
Мындан тышкары, шаар мэри бир заводдун аркасы менен дагы үчөө курулуп, ишке киргизилгенин баса белгиледи.