Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бишкек жана Тбилиси шаарларынын ортосунда боордоштук байланыш түзүү каралууда.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган маселе Азербайжандын Баку шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамыткановдун Тбилиси шаарынын вице-мэри Гиорги Ткемаладзе менен жолугуусунда көтөрүлдү.
Анда тараптар муниципалитеттердин деңгээлиндеги кызматташууну өнүктүрүү максатында Бишкек менен Тбилиси шаарларнын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү маселесин талкуулашты.
Ошондой эле Грузиянын борборундагы парктардын бирине ыйгарылган Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүк калтыруу боюнча мындан аркы кадамдар дагы белгиленди.