Жакынкы сааттарда Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 28 май 2026 16:40
Жакынкы сааттарда Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши ыктымал.