Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Коом 561 27 Июнь 2026 13:50
IMG_4287.png
copyright icon WWW

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага алайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болуусу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.