Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Коом 30 декабрь 2025 09:06
Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарга шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

"Кырсыкка кабылганда же күбөсү болсоңуз токтоосуз "112" да кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.