Бишкек – Кара-Балта жолуна жер астындагы өтмөк курулат

Коом Загрузка... 17 Февраль 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.23 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бакыт Чомоев Транспорт жана коммуникациялар министрлигин Бишкек – Кара-Балта унаа жолуна жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу зарылдыгына көңүл бурууну суранды.

Анын айтымында, ал жердин жанында мектеп жайгашкандыктан, унаалардын көптүгүнөн мектеп окуучуларын сүзүп кеткен учурлар көп катталууда.

Транспорт министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев үстүбүздөгү жылдын титулдук тизмесине унаа жолдун 28-чакырымына жер астындагы өтмөк куруу киргизилгенин жана буга 10 млн сом каржылоо каралганын маалымдады.