Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоо иштери 2026-жылы улантылат

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 10:35
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Лебединовка айыл аймагындагы Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунун капиталдык оңдоо иштери аяктап, 6 тилкелүү жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кант шаарынын мэри Улан Майлибашов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жолдун аталган тилкесинде баштагыдай унаа тыгыны жок.

"Новопокровка айылынын ичиндеги жолдорду оңдоо иштери 2026-жылы улантылат. Бирок, биз Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен оңдоо иштерин Кант шаарынан баштоону сурайбыз. Анткени, ал жерде өзгөчө жашылдандыруу зонасын ишке ашырууну каалайбыз, анда тротуарлар, веложолдор, жарыктандыруу системасы жана бак-дарактарды отургузуу каралган. Долбоор даяр", - деп кошумчалады мэр.