Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 08:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.

Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамылары дагы коюлуп жатат.

"Жеринде жалпысынан 60ка чукул атайын техника жана 150 жумушчу иштеп жатат. Тротуарлардын бир тарабына асфальт басылып, лотокторду орнотуу 70 пайызга, ал эми суу түтүктөрүн жана көпүрөлөрдү орнотуу 100 пайызга аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, басылган асфальттын жалпы калыңдыгы 15 см болот, биринчи катмары 9 см, экинчи катмары 6 см.