Бишкек инклюзивдүү маданиятты активдүү өнүктүрүүдө

Коом 12 ноябрь 2025 15:05
unnamed_4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1762933690.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1762933703.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1762933715.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1762933774.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1762933763.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган майыптыгы бар адамдар арасындагы фестивалдын экинчи шаардык туру салтанаттуу түрдө ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева майыптыгы бар адамдардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга колдоо көрсөтүп, аларга шыктануу, ишеним жана жаркын жеңиштерди каалады.

Фестивалга 23 уюм катышууда, алардын катарында балдар жана чоңдор бирикмелери, коомдук фонддор жана реабилитациялык борборлор бар.

Тандоо сынагы жети номинация боюнча өтүүдө: вокал, хор, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима жана бий.

Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк конкурсунда кийиз, жыгач,  макраме, бисер токуу, акварель жана башка чыгармачылык түрлөрү.

Бул фестиваль жыл сайын таланттуу катышуучуларды бириктирип, алардын аткаруучулук чеберчилигинин өсүшүн көрсөтүп, борбор шаарда инклюзивдүү маданияттын өнүгүшү үчүн маанилүү платформа түзүп келет.