ОСАГО жана турак жай: Бишкекте 3 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 09:55
298466825_443328134503532_5084437704300457714_n.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Күн мурун Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы жарандарга жалпы суммасы 3 млн 5 миң 969 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн берди.

Уюмдун маалыматына ылайык, аталган каражат төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 2 млн 146 миң 252 сом — ОСАГО (автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) боюнча;
  • 859 миң 717 сом — турак жайды милдеттүү камсыздандыруу алкагында, өрт кырсыгынан жабыркаган жарандарга төлөндү.