Бишкекте тик учактарды тейлөө борбору иштей баштады

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 17:56
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бүгүн инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышуу алкагында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясында болду.

Ведомстводон билдиришкендей, ал ошондой эле "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий айылындагы аймагында жайгашкан Heli Sky ЖЧКсынын өндүрүштүк объектилерин кыдырды.

Иш сапардын жүрүшүндө жаңы түзүлгөн Ми-171 жана Ми-8 тибиндеги тик учактарды техникалык тейлөө борборунун өндүрүштүк жана техникалык кубаттуулуктары көрсөтүлдү.

Агенттиктин өкүлдөрү тетиктердин аймактык кампасынын инфраструктурасы менен таанышып, долбоордун учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат алышканы белгиленди.