Кыргызстан быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылууда. Бишкек шаарында алдыдагы ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрүүгө даярдык иштери аяктап калды. Бул күндөрү борбор калаага 20дан ашуун өлкөнүн мамлекет башчылары жана жогорку даражалуу өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Бишкекте бир мезгилде эки ири эл аралык иш-чаранын өткөрүлүшү Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Борбор калаа чет өлкөлүк лидерлерди жана көп сандаган делегацияларды кабыл алууга, коопсуздукту күчөтүүгө, транспорттук логистиканы натыйжалуу уюштурууга жана протоколдук иш-чараларды так өткөрүүгө даярдык көрүүдө.
“Шанхай бештигинен” “ШКУ+” форматына чейин
Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлүп, “Шанхай бештигинен” башталат. Анын курамына Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген. 2001-жылы уюм расмий түрдө түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө ШКУнун курамына 10 мамлекет — Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларусь кирет. Мындан тышкары, Монголия менен Афганистан байкоочу макамына ээ, ал эми ондон ашык мамлекет диалог боюнча өнөктөш статусунда. Алардын арасында Азербайжан, Түркия жана Кувейт бар.
Бишкекте өтө турган алдыдагы жолугушуу “ШКУ+” кеңейтилген форматында өтөт. Ага жыйырмадан ашык мамлекеттин жетекчилери жана эл аралык делегациялардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
“Ырыс-Ордо” эл аралык иш-чараларды өткөрүүчү аянтча
Жогорку даражалуу конокторду кабыл алууда негизги объектилердин бири жаңы ачылган мамлекеттик “Ырыс Ордо” конгресс-борбору болот. Анын салтанаттуу ачылышы 24-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.

Комплекс 14,7 гектар аянтты ээлейт. Анын жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашып, бир учурда 2 миңден ашык адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Борбордук “Курултай” конгресс-залы 1 238 орунга ылайыкталган. Мындан тышкары, комплексте 1000 кишиге ылайыкталган банкеттик зал, 235 орундуу басма сөз залы жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган атайын бөлмөлөр каралган.
Комплекстин аймагында жалпы аянты 3 миң 250 чарчы метрди түзгөн, 14 бөлмөгө ылайыкталган 8 конок үйү курулган. Алардын ар бирине Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын 7 облусунун аталышы берилген.

Унаалар үчүн 258 токтотуучу жай каралган, алардын 50сү жабык, 208и ачык жайлар. Электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 11 чакырымдан ашык жаңы кабель тартылган.
“Ырыс Ордо” көп функционалдуу комплекс катары долбоорлонгон. Келечекте конгресс-борбордун аянтчаларын эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана корпоративдик иш-чараларды өткөрүү үчүн коммерциялык негизде пайдалануу пландалууда.
“Манас” аэропортун жана фан-зоналарды модернизациялоо
Борбор калаанын аба дарбазасы болгон “Манас” эл аралык аэропортунда масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктап, эл аралык иш-чаралардын алкагында көп сандаган конокторду кабыл алууга даяр.

Борбор калаадагы башка маанилүү объектилер, анын ичинде “Бишкек Арена” спорт комплексинде да акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирде көрүүгө мүмкүнчүлүк берген күйөрмандар аянтчалары уюштурулат.
Негизги күйөрмандар аянтчасы Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, Бишкектин төрт административдик районунун баарында түз эфирлерди көрсөтүү үчүн кошумча аянтчалар уюштурулат.

Эксперттин пикири: ШКУ, транзиттик потенциал жана илимди өнүктүрүү
Алдыдагы саммит эксперттик коомчулуктун да кызыгуусун жаратууда. Пекин шаарындагы Grandview Institution аналитикалык борборунун аналитиги Артем Кхан “Кабар” агенттигине берген комментарийинде алдыдагы ШКУ саммитинин Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Анын айтымында, бул иш-чара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишинин башталышынын алдында өтүп жатканы менен да маанилүү.

“Кыргызстан үчүн ШКУ саммитин өткөрүү, өзгөчө БУУнун Коопсуздук кеңешинде иштин башталышынын алкагында принципиалдуу башка дипломатиялык деңгээлге чыгууну билдирет. Даярдык иштерин кагаз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да көрүүгө болот. Өлкө өзгөрүп, жаңыланып жатат жана чет өлкөлүк өнөктөштөр бул өнүгүүнү өз көздөрү менен көрүшөт.
Бүгүнкү күндө Бишкек саммитке ишенимдүү өнөктөш катары даярданып жатат. Өлкө жетишилген макулдашуулардын аткарылышына кепилдик берүүгө даяр, ошол эле учурда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын чечкиндүү жана прагматикалык негизде коргойт.
Мазмундук жагынан алганда, биз үчүн транспорттук магистралдар жана инфраструктуралык багыттар негизги мааниге ээ. Алар Кыргызстанды толук кандуу транзиттик хабга айландырууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча демилгеси өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстан үчүн уюмдун өзүнүн каржылык институтунун түзүлүшү бул карыздык туруктуулукка жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга жол ачат.
Күн тартибиндеги дагы бир маанилүү маселе — экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактын суу ресурстарын сактоо.
ШКУ протоколдук билдирүүлөрдү жасоочу аянтчадан алда канча кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун механизмине айланды. Тышкы саясат жагынан алганда Бишкек Евразиядагы маанилүү сүйлөшүүлөрдүн негизги катышуучуларынын бири катары өзүнүн позициясын бекемдөөдө. Ал эми экономикалык жактан түз инвестицияларды тартууга, жаңы рынокторго чыгууга жана инфраструктураны кеңири модернизациялоого жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө”, — деди ал.
КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана укук институтунун кафедра башчысы Бактыгүл Каламбекова “Кабар” агенттигине берген комментарийинде чейрек кылым аралыгында ШКУ Евразиянын олуттуу демографиялык жана экономикалык ресурстарын камтыган ири бирикмеге айланганын белгиледи.

“Туруктуу дипломатиялык платформа катары иш алып баруу менен уюм кагылышуулардын алдын алат жана көп уюлдуу дүйнөнү бекемдейт. Кыргызстан уюмду негиздеген өлкөлөрдүн бири катары алгачкы күндөн тартып анын ишине активдүү катышып келет. Бул өлкөнүн тышкы саясатын тең салмактуу жүргүзүүгө, коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле ири транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берди.
Бүгүнкү күндө ШКУнун функциялары сапаттуу өзгөрүүдө. 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына жана “ШКУ+” демилгесине ылайык, уюмдун ишинде илимге, инновацияларга, “жашыл” индустрияга жана санариптештирүүгө басым жасалууда. Бирок, бул мүмкүнчүлүктөрдү толук ишке ашыруу үчүн ишенимдүү механизмдер зарыл.
2012-жылдан бери ШКУда илим жана технология министрликтеринин жетекчилеринин кеңешмеси иштейт, бирок ал административдик жана бюджеттик маселелерди чечет. Мында фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү илимдер академияларынын негизги милдети болуп саналат. Алар жогорку статуска ээ болгону менен түзүмү жана иштөө механизмдери боюнча мамлекеттик органдардан айырмаланат.
Бүгүнкү күндө технологиялык суверенитетке жетишүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү фундаменталдык изилдөөлөргө түздөн-түз көз каранды. Эгерде катышуучу өлкөлөрдүн фундаменталдуу илимий мектептеринин системалык интеграциясын жөнгө салбаса, биримдиктин алкагында терең технологиялык жетишкендикке ээ болуу абдан кыйын болот”, — деди ал.
Муниципалитеттин позициясы: шаардын даярдыгы жана убактылуу чектөөлөр
Бишкек мэриясынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, борбор калаа конокторду кабыл алууга толугу менен даяр. Ошол эле учурда ири иш-чараларды өткөрүү өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоо менен дал келет.
Учурда шаарды санитардык жактан тазалоо, көчөлөрдү ШКУга мүчө мамлекеттердин белгилери менен кооздоо жана шаардын жашоо-шартын камсыз кылуучу системалардын ишин текшерүү аяктоодо.
Коопсуздук протоколунун талаптарына жана мамлекет башчыларынын катышуусуна байланыштуу 29-августтан 2-сентябрга чейин шаарда бир катар убактылуу чаралар киргизилет.
Жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү 29-август саат 15:00дөн 2-сентябрга чейин жабылат. Кинологиялык жана сапердук кызматтардын текшерүүсүнөн кийин төмөнкү жерлердеги жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр убактылуу жабылат:
- Манас айылы, Васильевский көчөсү;
- Чүй жана Манас проспектилеринин кесилиши;
- Чүй проспектиси менен Ю. Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши (“Олд-Бишкек”);
- Ч. Айтматов проспектиси менен М. Горький көчөсүнүн кесилиши.
Мындан тышкары, базарлардын жана соода борборлорунун иш графиги да өзгөрөт.
“Ош” базары соода-рынок комплекси 30-августтан 2-сентябрга чейин ишин убактылуу токтотот.
“Сары-Өзөн” базары — 31-августтан 2-сентябрга чейин.
“Аламүдүн” жана “Орто-Сай” базарлары — 31-августтан 1-сентябрга чейин иштебейт.
“Чынар”, “Айчүрөк” соода дүкөндөрү, “Бишкек Парк”, “Азия Молл”, “Ала-Арча”, “Вефа”, “Соода үйү”, “Гоин”, “Томми Молл”, “Бета Сторес-1” сыяктуу ири соода борборлору 31-августтан 1-сентябрга чейин ишин токтотот.

Саммиттин Бишкек үчүн мааниси
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, масштабдуу иштердин негизги максаты — шаардык чөйрөнү узак мөөнөттүү өнүктүрүү.
Эл аралык иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкекте негизги көчөлөр жана магистралдар оңдолуп, имараттардын фасаддары жаңыланды. Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу жана жол кыймылын жөнгө салуу системалары модернизацияланып, жаңы бак-дарактар жана бадалдар отургузулду.
Протоколдук талаптарга байланыштуу убактылуу чектөөлөр бир нече күнгө гана созулат. Ал эми жаңыланган жол жана коммуналдык инфраструктура шаар тургундарынын пайдалануусунда калат.
Ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана Бишкекти жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүчү борбор катары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.