Борбор калаанын Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом 18 сентябрь 2026 17:40
Борбор калаанын Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
copyright icon www

Бишкек, 18.06.26 /Кабар/. Бишкекте 18-сентябрда саат 20:00дөн тарта Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол подрядчы уюмдун кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жолдун үстүңкү катмарын алмаштыруу иштерине байланыштуу.

"Подрядчы уюм аталган тилкедеги жолдун үстүңкү катмарын толугу менен алмаштырат. Иштер кепилдик милдеттенмелеринин алкагында жүргүзүлүп, алдын ала маалымат боюнча, бир күнгө созулат", — деп айтылат маалыматта.