Бишкекте 67 чакырым веложолдун чийини түшүрүлдү

Коом 18 сентябрь 2026 17:52
Бишкекте 67 чакырым веложолдун чийини түшүрүлдү
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкекте велосипедчилер үчүн 67 чакырым жолго атайын чийиндер тартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул иштер шаардагы жол кыймылын иретке келтирүү жана велосипедчендер үчүн коопсуз шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

“Бүгүнкү күндө шаар боюнча 67 чакырым жолго велосипедчилер үчүн атайын чийиндер тартылды. Бул көчөлөрдө жол кыймылын иретке келтирип, велосипедчендердин коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет. Муну менен эле токтоп калбастан, велоинфраструктураны мындан ары да кеңейтебиз”, — деди Рамиз Алиев.

Вице-мэрдин маалыматына караганда, жакынкы убакта Жибек Жолу проспектисинде, ошондой эле Лев Толстой жана Анкара көчөлөрүндө велосипедчилер үчүн жолдорду белгилөө жана велоинфраструктураны жакшыртуу иштери улантылат.