Мейманкана, ашкана жана соода борбору менен: Жаңы автобекет качан ачылат?

Коом Загрузка... 13 Январь 2026 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.01.26 /Кабар/. Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан автобекеттин курулуш иштери 75 пайызга аяктады. Бул тууралуу курулуш иштеринин башчысы Султанбек Тургунбай билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын 12-февралында башталган. Эки нөөмөт менен 200дөй курулушчу иштеп жатат.

“Учурда монолит иштери 100% пайыз бүттү. Ичин жасалгалоо иштери, жарыктандыруу, суу, жылуулук, канализация, өрт коопсуздугу деген иштери жасалып, чатыры 80%га аяктады. Бөлмөлөр бөлүштүрүлүп, кафелдер орнотулууда.

Жалпы аянты болжол менен 30 миң чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу 9 блоктон турат. Беш блок негизи имараты, эки блок перронго чыгып, 8-9-блоктор эки канаты болот.

Бекеттин өзгөчөлүгү - бардык шарттар түзүлөт. Алыстан келгендер үчүн мейманкана, айдоочулар үчүн жатакана, тамактануучу жайлар, күтүү залдары болот”,-деп белгиледи ал.