Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө “Бишкек Арена” стадионунун курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал белгилегендей, “Бишкек Арена” Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналат. Мындай масштабдагы спорттук комплексти туруктуу негизде тейлөө жана кармоо олуттуу каржылык чыгымдарды талап кылат.
Ушуга байланыштуу стадиондун аймагында “Bishkek Arena Mall” соода борбору курулууда. Бул соода борбору стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана эмес, келечекте объекттин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого да кызмат кылат.
“Соода борборунан түшкөн каражаттар “Бишкек Арена” стадионун кармоого, тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке кошумча жүк түшүрбөстөн, объекттин өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт. Ошондой эле соода борборунун жайгашкан жери абдан ыңгайлуу жана келечектүү локация болуп саналат. Бүгүнкү күндө шаардагы көпчүлүк соода борборлорунда унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келет. “Bishkek Arena Mall” долбоорунда бул маселе алдын ала эске алынып, келген жарандар жана ижарачылар үчүн жетиштүү сандагы кеңири жана ыңгайлуу унаа токтотуучу жай каралган. Бул соода борборунун негизги артыкчылыктарынын бири болот”, - деп айтты Каныбек Туманбаев.
Кошумчалай кетсек, учурда соода жайлары сатыкка коюлду. Каалоочулар кошумча маалымат алуу үчүн 0771 771 772, 0502 771 772, 0556 771 772 номерлерине кайрылса болот.