Жаңы дүйнөлүк тартип жана коопсуздук: Орозбеков Будапешттеги жолугушууга катышты

Саясат 30 марта 2026 11:00
44067618-9cfe-4eb7-8197-61b465e87379.jpeg
9c5d8fd2-09a2-464f-9f35-2f49167af1c9.jpeg
Алдыга
Артка
44067618-9cfe-4eb7-8197-61b465e87379.jpeg
9c5d8fd2-09a2-464f-9f35-2f49167af1c9.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Будапешт шаарында Венгриянын премьер-министринин улуттук коопсуздук маселелери боюнча башкы кеңешчиси Марсель Биро менен жолугушту.

Жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү процессине тиешелүү маселелер, ошондой эле терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктар жана коркунучтар, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Адилет Орозбеков коопсуздук жаатындагы азыркы кырдаал, анын ичинде учурдагы чыр-чатактар аймактык туруктуулукту сактоо жана БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык тынчтыкты сактоо максатында мамлекеттер аралык аракеттерди олуттуу интеграциялоону жана консолидациялоону талап кыларын белгиледи.

Жолугушууга Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжандын тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку кызмат адамдары да катышты.