"Биримдик кербени" Ош шаарына жетти

Көчмөндөр оюндары-2026 568 02 Август 2026 15:00
761669502_122220025082368081_231108737161659621_n.jpg
761584745_122220025064368081_8955144990707452910_n.jpg
761662704_122220025310368081_6174079064901700976_n.jpg
761780053_122220025112368081_7482479121932058935_n.jpg
762446698_122220025430368081_6776715367763206040_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп жаткан "Биримдик кербени" аттуу 40 күндүк улуттук жүрүшү Ош шаарына жетти. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ири долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.

Ноокат жана Араван районунан келген кербенди Ош шаарынын кире беришинен шаар жетекчилиги, маданият ишмерлери жана шаар тургундары салтанаттуу тосуп алышты.

Кербендин катышуучулары өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган булак сууларын алып келишти.

Белгилей кетсек, "Биримдик кербени" 40 райондон суу чогултуп, Ысык-Көлдө өтө турган "40 уук – бир түндүк" иш-чарасында бир казанга бириктирет.

Долбоор 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышат.