Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Жалпысынан визалардан жана Бирдиктүү уруксаттардан түшкөн каражат 5 млрд сомдон ашып, мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошту. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу ЖМК өкүлдөрүнө уюштурулган брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата “Электрондук виза” порталы аркылуу жалпысынан 48 439 бирдиктүү уруксат таризделген.
“Чет өлкөлүк жумушчулар өнөр жай, курулуш, транспорт жана байланыш тармактарында көбүрөк иштешет. Мониторинг боюнча алардын саны 56.2% пайыз түздү. Ал эми соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 32.6%ды түзөт.
Финансы-экономикалык көрсөткүчтөргө өзүнчө токтоло кетсем, быйылкы жылдын 11 айында төмөнкүдөй кирешелер түштү:
- Бирдиктүү уруксаттарды тариздөөдөн – 1,19 млрд сом,
- кепилдик төлөмдөрүнөн (ИИМ) – 234,3 млн сомду түздү”,-деди ал.