Бир жылда Калкты тейлөө борборлорунда 4 миллионго жакын кызмат көрсөтүлдү

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 15:53
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр офлайн форматтан онлайнга активдүү которулууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мээрим Искакова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Калкты тейлөө борборлорунда 4 миллионго жакын кызмат көрсөтүлсө, анын 500 миңге жакыны электрондук форматта болгон.

Искакова "Кызмат" мекемеси мындан бир жыл мурун президенттин жарлыгы менен "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана Калкты каттоо департаментинин базасында түзүлгөнүн эске салды. Мекеме жарандарды документтештирүү жана IT-санариптештирүү функцияларын бириктирет.

"Эң көп суроо-талапка ээ болгон кызматтардын бири — онлайн кезек. Өткөн жылы система аркылуу 3,5 миллионго жакын кезек алынган, бул жарандарга КТБга барууну алдын ала пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле жаңы сервис киргизилди: электрондук кезекке жазылууда жарандар эми катталган жерине (пропискасына) байланбастан, каалаган ыңгайлуу КТБны тандай алышат. Мында колдонуучулар кезекте канча адам турганын реалдуу убакыт режиминде көрүп, зарыл болсо башка борборду тандаса болот", - деди ал.

Искакова жарандарды, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик органдар кызматтарды сапаттуу көрсөтө алышы үчүн өз маалыматтарынын тактыгын текшерүүгө чакырды. Эгерде системада айрым Жарандык актылардын абалы тууралуу (ЗАГС) документтери жок болсо, аларды "Түндүк" сервиси аркылуу санариптештирүүгө болот.

Эгерде документ тиркемеде көрүнбөй жатса, милдеттүү талааларды толтуруп, документ алынган районду көрсөтүп, анын сүрөтүн тиркеп, кароого жөнөтүү зарыл. Текшерүүдөн өткөндөн кийин маалыматтар системага киргизилип, бир нече күндүн ичинде "Түндүктө" пайда болот.

Искакованын айтымында, онлайн кызматтар, өзгөчө бир жылдан ашык убакыттан бери иштеп жаткан ID-картаны алмаштыруу жана онлайн каттоого туруу кызматы абдан популярдуу. 2025-жылы онлайн каттоого туруу кызматынан 186 миң жолу пайдаланышкан.

Ал кошумчалагандай, ID-паспортту онлайн алмаштырууда сүрөткө карата катуу талаптар коюлат. Колдонуучу сүрөткө өзү түшкөндүктөн, айрым сүрөттөр текшерүүдөн өтпөй калган учурлар кездешет.