Бир метрге чейинки кар күрткү, тынымсыз тазалоо – ашуулардагы абал

Аймак Загрузка... 10 Декабрь 2025 10:46
1.webp
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, саат 09:00гө карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда бороон болууда. Айрым жерлерде кар күрткүнүн калыңдыгы бир метрге чейин жетип, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Каттам бар.

Ал эми Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашууда жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат. Күн мурун саат 15:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө жакынкы сааттарда алынары күтүлүүдө.

Облустарда дагы жолдор толук көзөмөлдөнүп, атайын кезметке туруу менен жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүлүп жатат.

"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылууда.