Кыйылган бир дарактын ордуна беш дарак отургузулушу шарт – министр

Коом Загрузка... 29 Июнь 2026 12:30
WhatsApp_Image_2026-05-15_at__6d3mLsf.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бак-дарактарды кыюу боюнча пикирин билдирди.

Министр бак-дарактарды кыюу маселеси коомдо чоң резонанс жаратып, калк тарабынан сезимтал кабыл алынарын белгиледи.

Анын айтымында, бул маселеде кайсы дарактар жөнүндө сөз болуп жатканын так ажыратып билүү зарыл.

"Дарактардын да өзүнүн биологиялык курагы болот. Эгерде 50 жылдык тарыхы бар бактар жөнүндө сөз болсо, бул жерде коопсуздук маселеси биринчи орунга чыгат. Жакында эле катталган катуу шамалда бактардын унаалардын үстүнө кулаган учурлары буга далил", — деди ал.

Министр пландуу кыюулар министрликтин аймактык башкармалыгынын көзөмөлүндө экенин белгиледи. Тиешелүү долбоорлордун жана пландын негизинде гана дарактарды алууга уруксат берилет.

Ведомство башчысы өлкөдө инфраструктуранын масштабдуу өнүгүп жатканын эске алуу керектигин кошумчалады. 50 жыл мурун түзүлгөн долбоорлор бүгүнкү күндө модернизацияланып, көчөлөр кеңейтилип, жаңы объектилер курулууда.

"Кыйылган дарактардын ордун толтуруу маселеси өтө актуалдуу жана биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир дарак кыйылса, анын ордуна милдеттүү түрдө беш дарак отургузуу талабы коюлат", — деди министр.