Камкордук жана коопсуздук: ИИМ кызматкерлери "Айданек" борборундагы балдарга майрам тартуулады

Коом Загрузка... 31 Декабрь 2025 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Айданек» реинтеграциялоо борборуна барып, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга майрамдык белектерди тапшырышты.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара балдар үчүн чыныгы майрамга айланып, алардын жүзүнө жылмаюу, жүрөгүнө жылуулук тартуулады. Ошондой эле кызматкерлер тарбиячылар менен биргеликте жол кыймылынын эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдарга жол белгилери түшүрүлгөн чөйчөктөрдү белек кылышты.

"Бул чакан, бирок маанилүү демилге балдарга болгон камкордуктун айкын белгиси болуп, аларга ишеним, үмүт жана жаркын келечекке болгон дем-күч тартуулады",-деп айтылат билдирүүдө.