"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды — Кабар

"Бир айыл – бир продукт" долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Экономика 1 март 2026 11:23
2dd70bd7-3b92-4cb4-9c61-7f17ba3abc97.png
427e1443-0b81-4755-8061-130e0ec78261.png
a7b8c081-37bf-4258-87c2-88412a8833b3.png
b2f851bc-4892-4540-9e58-2e259333ea15.jpg
b18287ba-ce5d-4669-adb9-ca8dd3a61574.jpg
Алдыга
Артка
2dd70bd7-3b92-4cb4-9c61-7f17ba3abc97.png
427e1443-0b81-4755-8061-130e0ec78261.png
a7b8c081-37bf-4258-87c2-88412a8833b3.png
b2f851bc-4892-4540-9e58-2e259333ea15.jpg
b18287ba-ce5d-4669-adb9-ca8dd3a61574.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 01.03.26. /Кабар/. Бишкекте "Бир айыл — бир продукт" долбоорунун 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарган улуттук бренддер сынагы өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 57 аталыштагы продукция көрсөтүлдү.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун (алтын медаль): "Дан куурай концентраты" (Нургүл Исакова, Баткен облусу);
  • 2-орун (күмүш медаль): "Мисте печенеси" (Алиярова Гүлчехра, Жалал-Абад облусу);
  • 3-орун (коло медаль): "Хурма чипсилери" (Октамова Саидахон).

Ошондой эле ишти уюштуруунун жогорку деңгээли жана өндүрүүчүлөрдүн активдүүлүгү үчүн Нарын облусу "Эң активдүү облус" деп табылды.

Маалымат үчүн: "Бир айыл — бир продукт" долбоору президенттин жарлыгына ылайык ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күндө ата мекендик продукциялар Жапония, Европа, АКШ жана Араб Эмираттарына ийгиликтүү экспорттолууда. Долбоор 2023-жылдан тарта Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да жайылтылып, эл аралык деңгээлге чыкты.