Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунаалардын ашыкча жүк жүктөп, бортторун мыйзамсыз бийиктетип алган фактыларын аныктоо максатында бир айлык рейддик иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте өткөрүлдү.
Рейдде жалпы 2829 жүк ташуучу автоунаа токтотулуп, текшерилди. Жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузган айдоочуларга карата 260 протокол түзүлүп, жалпысынан 3 млн 515 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, 46 транспорт каражаты айып токтотуучу жайга киргизилди.