Биологиялык активдүү кошулмаларды дары катары сатып, элди алдагандар көбөйдү

Коом Загрузка... 04 Март 2026 14:24
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Айрым элдик табыптар адамдарды дарылоодо колдонгон чөптөрдүн жыйындысы дары эмес, болгону тамак-ашка кошулуучу биологиялык активдүү кошумчалар (БАК) болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.

"Алдамчылар биологиялык активдүү кошумчаларды дары катары көрсөтүп, "толук айыктырат" деп убада берүү менен адамдарды алдап, пайда көрүп жатышат. Биологиялык активдүү кошумчалар дары каражаты болушу үчүн ал көптөгөн изилдөөлөрдөн өтүшү керек. Препарат каттоодон өтүп, жаныбарларга жана адамдарга илимий сыноолор жүргүзүлгөндөн кийин гана дары деп эсептелет", — деп түшүндүрдү ал.

Адистин айтымында, биологиялык активдүү кошумчалар республикага алып келингенге чейин алардын курамы жана натыйжалуулугу лабораториялык текшерүүдөн өтүшү зарыл. Аларды колдонууга мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк алгандан кийин гана уруксат берилет.

2
"Мен жарандарга мындай адамдарга кайрылардан мурун бардык маалыматтарды тактап, лицензиясын жана ишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуштайт элем", — деди Аман Осмонов.