Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы расмий ачылып, пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, "Жаштар креативдүү хабы" долбоору 2020-жылы Youth of Osh коомдук уюму тарабынан ишке ашырыла баштаган.
"Бул - көп функциялуу аянтча. Хаб иш орду, билим берүүчү аянтча, коомдук мейкиндик, соода түйүнү жана эс алуу борборунун милдетин аткарат", - деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай инфраструктура шаардын атмосферасын өзгөртүп, жаштардын жашоосун кызыктуу кылат. Негизги максат - жаштарды чет өлкөгө же борборго кетүүдөн кармап, өз шаарында өнүгүүгө шыктандыруу.