Агартуу министри: Усулчулардын айлыгы жогорулайт

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 11:50
bb0bfedc-bb59-4582-a5e2-37a1427fde8a.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Мугалимдерди окута турган усулчулардын (методист) айлыгы кыйла жогорулайт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки эки жолку айлык көтөрүүдө усулчулардын маянасы жогорулаган эмес.

“Агартуу тармагында иштеген усулчулардын айлыгы да өтө жогорку деңгээлге көтөрүлүп, мугалимдерден кем болбосун деген талап коюлду. Усулчулар бул мугалимди окута турган мугалимдер. Учурга чейин алардын эмгек акысы 12 миңден 18 миң сомго чейин эле болгон”,- деди министр.

Кендирбаева президент Садыр Жапаров келгенден бери мугалимдердин айлыгы эки жолу 100 пайыз көтөрүлгөндүгүн маалымдады.

“Бул бизге чоң колдоо, чоң мүмкүнчүлүк ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болуп саналат. Мугалимдердин айлыгын 100 пайыз көтөрүү өтө чечкиндүү кадам, чоң бюджет. Ошондо биздики бүгүнкү күндө 56,6 млрд сом каржыланса, болжол менен 100 млрд сом агартуу системасына кетет экен. Азыр айлык төлөө механизмдерин, эрежелерин тактоо процесси жүрүп жатат”, - деди ал.