Бийлик өкүлдөрү айылдарды кыдырып, көйгөйлөрдү жеринде чече баштады

Коом Загрузка... 11 Май 2026 15:15
697126789_122112032295024257_174045011539763519_n.jpg
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров аймактарды кыдырып келгенден кийин ар бир облустагы өкүлдөрүнө жана тиешелүү жетекчилерге эл аралап, көйгөйлөрдү жеринде угуп, чечүү боюнча тапшырма берген. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Анын алкагында бүгүндөн баштап облустагы президенттин өкүлдөрү, Ош жана Бишкек шаарынын мэрлери жана тиешелүү жетекчилер айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен жолугушууларды баштады. Алар ар бир айыл өкмөткө барып, элдин көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп беришет", - деди ал.

Орунбеков жетекчилер менен болгон жолугушууларга активдүү катышып, суроолорду берип, маселелерди айтууга болорун белгиледи.

"Ар бир жолугушуу жергиликтүү телеканалдар аркылуу түз эфирде чагылдырылат. Бул – президенттин “эл менен ачык жана түз иштегиле” деген тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жаткан саясат.
Бүгүн башталган бул иш-чара жакынкы 2 ай ичинде бардык айылдарды камтыйт. Эч кандай тандоо же чектөө болбойт. Бийлик өкүлдөрү элдин үнүн угуп, көйгөйлөр болсо жооп берип, мүмкүнчүлүккө жараша жеринде чечүүгө аракет кылышат", - деди ал.