Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. 29-апрелде Ала-Тоо аянтында "Вальс кечеси" өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара бий сүйүүчүлөрүн, классикалык музыканы баалагандарды жана жаздын кооз кечин назиктик менен шыктануунун атмосферасында өткөрүүнү каалаган бардык жарандарды бириктирет.
Белгиленгендей, бул маданий иш-чара Бишкек шаарынын күнүн майрамдоонун алкагында уюштурулат.
"Вальс кечеси" — бул өз өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана эмес, жандуу музыка, көркөм кыймылдар жана унутулгус сезимдер менен коштолгон чоң шаардык майрамдын бир бөлүгү болууга мыкты шарт.
Кечеге катышууну каалагандар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот: 0312 510 178, 0997 11 08 95 (WhatsApp).