2026-жылдын 1-январынан тартып “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жаңы жөлөк пулу киргизилүүдө. Ар айда берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң сомду түзөт. Каражат балдар 3 жашка чыкканга чейин берилет. Жөлөк пулду ала турган үй-бүлөлөр кайсы мамлекеттик органга кайрылышы керек? Кандай документтер талап кылынат? “Кабар” агенттиги ушул жана башка суроолорду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартовага узатты.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулун кимдер алат?
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулу бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө каралган. Бул жөлөк пул үй-бүлөнүн үчүнчү жана кийинки балдарынан баштап, алар 3 жашка чыкканга чейин ар ай сайын чектелет. Жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң сом.

Жөлөк пул алуунун шарттары:
- Жарандар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылууга тийиш,
- Керектүү документтерди топтоо зарыл: кайрылган адамдын паспорту, кайрылман статусу бар болсо, кайрылмандын паспорту, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү,
- банктык эсептин номери,
- бийик тоолуу аймактарда жашагандыгын тастыктаган маалымкат.
“Жөлөк пулду алууга ишенимдүү адам кайрылса, ишеним кат керек болот. Камкорчу даярдалган учурда, камкорчунун дайындалгандыгы тууралуу соттун чечими керек. Эгерде үй-бүлөдө эки бала болсо, анда бул жөлөк пул аларга берилбейт. Бул жөлөк пул үчүнчү баласынан баштап чектелет”, - деп белгиледи башкы адис.

Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, жаңы киргизилип жаткан жөлөк пулду 50 миңден ашык бала ала алат.
“Бул жөлөк пул быйылкы жылдан баштап берилет. Учурда жарандардан арыздар кабыл алына баштады. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөк пулу жаран арыз менен кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициент эске алынбастан, балдар 3 жашка чыкканга чейин чектелет”, - деп кошумчалады Адел Жоомартова.