Бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом Загрузка... 12 Февраль 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.10.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, ошондой эле кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары жана Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр – Талас – Тараз: Өтмөк ашуусу;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу: 55–115-чакырымдар аралыгы;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка – Акташ: 0–3-чакырымдар аралыгы;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык: 97–98-чакырымдар аралыгы;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт: Долон ашуусу;
  • Арал – Миң-Куш: 1–14-чакырымдар аралыгы;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу.

Жолдор тайгак болуп, тайгак болот. Айдоочулар коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.