Бийик тоолуу аймактар үчүн жөлөк пул: Кимдерге берилет?

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 14:42
zholok-pul.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" аттуу ай сайын берилүүчү жөлөк пул боюнча негизги маселелерге түшүндүрмө берди.

Кимдер жөлөк пул алууга укуктуу?

"Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөк пулун бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө төмөнкү учурларда дайындалат:

  • үчүнчү жана андан кийинки балдарга;
  • 3 жашка чейинки бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда.

Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси эске алынабы?

Жок, жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жана социалдык-экономикалык абалына карабастан берилет.

Жөлөк пул алуу үчүн кайда кайрылуу керек жана кандай документтер талап кылынат?

Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары жашаган жери боюнча Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек. Жөлөк пул дайындоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Ата-эненин паспорту же кайрылман күбөлүгү.
  2. Бардык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (зарыл болгон учурда каза болгон балдарды кошкондо).
  3. Балдардын туулгандыгы жөнүндө маалымкат, эгиз же андан көп балдар бир убакта төрөлгөн учурларда (алардын төрөлгөн тартибин белгилөө үчүн).
  4. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаганын ырастоочу жашаган/турган жери боюнча каттоосу жөнүндө маалыматтар.
  5. Жашай туруу укугу – жөлөк пул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар ар айлык жөлөк пул алуу үчүн кайрылган учурда.
  6. Ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл арыз бергенде төмөнкүлөр зарыл: – паспорт; – жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат; – балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.

Кандай учурларда жөлөк пул токтотулушу мүмкүн?

  • өлкөнүн чегинен туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
  • бала 3 жашка толо электе каза болгондо;
  • бала толугу менен мамлекеттин камкордугунда болгондо;
  • жөлөк пул мыйзамсыз алынганы аныкталганда;
  • үй-бүлө бийик тоолуу аймактан көчүп кеткенде;
  • бала 3 жашка толгондо.

Төлөмдөрдүн мөөнөтү:

Жөлөк пул арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып балдар 3 жашка чыкканга чейин чектелет. Мисалы, 2026-жылдын январь айында берилген арыздар боюнча төлөмдөр 2026-жылдын 1-февралынан баштап жүргүзүлөт.

Каттоо жана дарек:

Жарандын жашаган жери жана турган жери (катталган жери) боюнча каттоо эсебинде ("Даректик маалымкат бюросу" АИС) катталган дареги жашаган жери боюнча "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган дарекке дал келиши керек.

Эгер каттоо жок болсо, убактылуу каттоого туруу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылуу зарыл.

Министрлик ошондой эле чет өлкөдө төрөлгөн балдар боюнча маалыматтарды тактоо иштерин жүргүзүүдө.